Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетет. Өлкө күйүүчү май тартыштыгынан кутула алабы?

14.10.2025 | 13:03

Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөп баратат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, учурда өлкөдөгү бензин жана дизелдин запасы болжол менен бир айга гана жетет, айрым компанияларда болсо резервдер дээрлик түгөнгөн. Мунун себеби — Орусиядан күйүүчү майды жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы. Ал жактагы айрым мунай иштетүүчү заводдор оңдоого жабылып, айрымдары дрондордун чабуулунан жабыркаган. Өкмөт кырдаалды көзөмөлдөөгө убада берүүдө, бирок базарда баанын өсүп жатат. Жакынкы убакта айдоочулар менен өлкө экономикасын эмне күтөт? Бул суроолорго Кыргызстандын мунай трейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов жооп берди.

Альтернатива издеп: Азербайжандан Италияга чейин

КММ базарындагы кырдаал абдан оор болуп турат, анткени Кыргызстан Орусия менен болгон өкмөттөр аралык келишим боюнча каралган күйүүчү майды толук көлөмдө ала алган жок. Канатбек Эшатовдун айтымында, учурдагы негизги максат — тартыштыкка жол бербөө жана май куюучу жайлардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо.

«Биздин ишканалар азыр мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрүүдө. Башкы максат — үзүлтүккө учуратпаш үчүн тартыштыкка жол бербөө. Учурда биз бардык мүмкүн болгон багыттарды изилдеп жатабыз, кайсы өлкөдөн КММ алып келүү мүмкүн болсо, ошол жактар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алар — Азербайжан, Иран, Италия, Балтия өлкөлөрү: Литва жана Латвия», — деп белгиледи Эшатов.

Канат Эшатов бул маселе Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө, тиешелүү мекемелерге активдүү иш алып баруу тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Баалар өсүп жатат жана мындан ары да өсөт

Акыркы керектөөчүлөр үчүн бул жагымсыз кабарлар ишке ашты. Жеткирүүдөгү кыйынчылыктар түздөн-түз майдын баасына таасир этүүдө.

«Акыркы эки ай ичинде баа орто эсеп менен 9–10 сомго өстү. Бул жеткирүүдө үзгүлтүк болуп жатканынын натыйжасы: сунуш азайып, суроо-талап көбөйүүдө. Ошондуктан чекене баа олуттуу түрдө өсүп жатат», — деди Эшатов.

Баа мындан ары дагы кымбатташы күтүлөбү деген суроого адис мындай абал ыктымалдуу экенин билдирди.

Анын айтымында, жакын арада баа дагы жогорулашы ыктымал. Учурда негизги милдет — аа өсүшүнө карабай ички рынокту толук камсыздоо.

«Азыр негизги максат — ички керектөөнү толук камсыз кылуу. Баа өсүп жатат, бирок бардык мүмкүнчүлүктөр каралууда», — деп белгиледи ал.

Үмүт коңшу Казакстандабы? Коңшу базарлар суроо жаратууда

Бир караганда, коңшу өлкөлөрдөн күйүүчү май алуу эң жөнөкөй чечим, бирок бул да оңой эмес. Эшатoвдун айтымында, Өзбекстанга үмүт артуу кыйын, анткени алар да ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатышат.

Эң келечектүү багыт катары Казакстан каралууда. Коңшу өлкөдө да абал жеңил эмес болсо да, бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Эшатов ырастады.

«Варианттар бар, мүмкүнчүлүктөр каралып жатат», — деди ал.

Scroll to Top