«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылды
Израил менен Хамас ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшту
14.10.2025 | 13:41

Шарм-Эль-Шейхте өткөн “Тынчтык саммитинде” Египет, Катар, Түркия өкүлдөрү жана АКШ президенти Дональд Трамп документке кол коюшту.
Декларацияда Израил менен Хамас террордук тобу Газа тилкесинде ок атышпоо боюнча келишимге расмий жеткени белгиленет.
Саммитке жалпысынан 19 мамлекет жана өкмөт башчы катышкан. Евробиримдик жана АКШ тарабынан террордук уюм деп табылган Израил менен Хамас кол коюу процессине катышкан жок.
Эске салсак, бир күн мурун Хамас эки жылдан бери туткунда болгон 20 израилдикти бошоткон. Ал эми Ак үй Газа тилкесинде жөнгө салуу планын жарыялаган, ага 20 пункт кирет жана эл аралык катышуу менен убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайт. Пландын биринчи этабы боюнча сүйлөшүүлөр Египетте өткөрүлгөн.