Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

14.10.2025 | 14:50

Бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишеним грамоталарын Словениянын элчиси Аленка Сухадольник, Италиянын элчиси Антонелло Де Риу, Экваториалдык Гвинеянын элчиси Лусиано Нкого Ндонг Айекаба, Бельгия королдугунун элчиси Эрик Де Майер жана Гватемаланын элчиси Эдуардо Энрика Эрнандес Ресинос тапшырган.

Садыр Жапаров элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө жеткенден тартып, Кыргызстан дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды туруктуу өнүктүрүп келе жатканын белгилеген.

Президент ошондой эле ушул жылдын 30-ноябрында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн эске салган.

“Шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо үчүн эл аралык байкоочуларды, анын ичинде сиздердин өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да катышууга чакырып кетмекчимин”, – деп билдирген.

Scroll to Top