ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Бишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
15.10.2025 | 09:50

Борбор калаада ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйыны өттү. Ага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев төрагалык кылды.
Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына караганда, жыйында Бишкекте курулуп жаткан эки ири объектинин расмий аталыштары бекитилди.
“Жаңы курулуп жаткан 51 миң орундуу стадион ‘Азаттык Арена’, ал эми заманбап конгресс-холл ‘Ырыс Ордо’ деп аталат. Аталыштар урматтуу Президентибиз менен кеңешип, талкуулангандан кийин кабыл алынды”, — деди Каныбек Туманбаев.
Ал бул чечимди өлкө тарыхындагы маанилүү окуя катары баалап, мындай масштабдуу долбоорлор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жатканын белгиледи.