ТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды берди

15.10.2025 | 10:17

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын федералдык иммиграциялык органдары өлкөнүн ири шаарларында чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Министрликтин маалыматында, учурда Кыргызстандын АКШдагы мекемелери аталган өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, кыргызстандык жарандардын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүп жатат. Ошондой эле жарандардан кайрылуулар түшкөн учурда ыкчам түрдө консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Ошондой эле ТИМ кыргызстандыктарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого жана массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразычылык акцияларына катышпоого чакырды.

Мекеме жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштады:

  1. Дайыма өздүгүңүздү тастыктаган документти жаныңызда алып жүрүңүз. Иммиграциялык макамыңыздын актуалдуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшерип туруңуз.
  2. ⁠Иммиграциялык органдар менен байланышта болгон учурда сабырдуулукту жана сылык жүрүм-турумду сактаңыз. Өз укуктарыңызды колдонуңуз. Адвокаттан консультация алууга укугуңуз бар, мазмунун түшүнбөй туруп документтерге кол койбоңуз жана өздүгүңүздү тастыктоо максатында берилген суроолорго гана жооп бериңиз.
  3. ⁠Консулдук жардам: эгер кармалып калсаңыз, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине дароо кабар берүүнү талап кылыңыз.

Ыкчам байланыш номурлары:

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42

Scroll to Top