Караколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейт
Москвада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлду
15.10.2025 | 10:50

Орусиянын борбору Москва шаарындагы мамлекеттик академиялык Кичи театрынын сахнасында «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, спектаклдер Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалуу драма театры тарабынан коюлган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев өз сөзүндө эки өлкөнүн маданий кызматташуусу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз театрларынын алдыңкы өкүлдөрүнүн Кичи театр сыяктуу тарыхый сахнада чыгармачылык алмашуусу эки элдин маданий байланышынын жандуу далили экенин баса белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы