Кыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдө

15.10.2025 | 15:36

Айыл чарба министринин орун басары Асел Кененбаева Кыргызстандын айыл чарбасында спутниктик технологиялар колдонула баштаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Биринчи радиодо» берген маегинде айтты.

Асел Кененбаеванын айтымында, министрлик бир нече спутник операторлору менен кызматташа баштады. Азыркы учурда өлкө боюнча беш айыл чарба жерлеринин мониторинги жүргүзүлүүдө. Мониторинг жөн гана эгин аянттарынын көлөмүн билүүгө эмес, башка мүмкүнчүлүктөрдү да берет.

“Мындан тышкары машиналык окуу процесси жүрүп жатат, бул адам факторун четтетүүгө жардам берет. Эгер азыр маалыматты топтоо процесси кагаз документтерге жана талааларга барып жүргүзүлгөн мониторингге негизделсе, космос сүрөттөрү аркылуу бул процесс толугу менен онлайн режимде жүргүзүлүп, чыныгы абалды каалаган убакта көрүүгө болот”,- деп билдирген ал.

Кененбаева бул маалыматтар фермерлер үчүн да жеткиликтүү болорун, алар өз талааларын көзөмөлдөй алышарын айткан.

Scroll to Top