Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Данияр Амангелдиев Россия элчиси менен жолукту. Эмне маселе каралды?
17.10.2025 | 14:56

Кыргыз Республикасынын минКаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен ишкердик жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүдө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттин жогорку деңгээлин белгилешти. Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов Бишкекте өткөрүлө турган кийинки кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумуна кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.