Перуда жаштар нараазычылык акцияларына чыгып, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганы турат

Перунун борбору Лимада жана башка шаарларда миңдеген адамдар жаңы президентке каршы нараазычылык акцияларына чыгышты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Хосе Хери бийликке келгенден бир нече күн өткөн соң, кылмыштуулуктун күчөшүнө байланыштуу коомдо нааразылык өсүп, Конгресс имаратынын алдында демонстранттар полиция менен кагылышкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, айрым демонстранттар фейерверк, таш жана күйүп жаткан буюмдарды ыргытышкан. Кагылушууларда кеминде бир адамдын өлүп, ондогон киши жаракат алган.
TV Peru’нун маалыматында, Перунун премьер-министри Эрнесто Альварес өкмөт Лима шаарында өзгөчө абал жарыялай турганын билдирген.
Нараазычылык акциялары жаштар кыймылы, транспорт кызматкерлери жана жарандык топтор тарабынан 15-октябрдын кечинде башталган. Өлкө боюнча миңдеген адамдар мурдагы президенттин бийликтен кетирилиши, ошондой эле өлкөдөгү коррупция жана кылмыштуулуктун күчөшүнө каршы көчөгө чыгышкан.