Жанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалды

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары эсептелген С.Д.О. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, ал чет мамлекеттердеги кылмыштуу уюмдар менен байланышта болуп, кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” статусуна чейин көтөрүлүүнү көздөгөн.
Кармоо жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жанынан бир даана Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 4,57 грамм өсүмдүк тектүү баңгизат табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алынган курал жана баңгизат тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлгөн.
С.Д.О. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда анын башка кылмыштарга байланышы бар-жогу боюнча тергөө иштери уланууда.