ӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салды

20.10.2025 | 17:32

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушуна байланыштуу Чүй жана Талас облустарынын бир катар айыл өкмөттөрүнө жана шаар мэрияларына жалпы 1,6 млн сом айып пул салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган облустардагы шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн өрткө каршы даярдыктарына текшерүү жүргүзгөн.

Жыл башынан тарта Талас облусунда жалпы 16 айыл өкмөтү жана Талас шаарынын мэриясы өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерилген. Натыйжада эреже бузгандыгы үчүн 16 айыл өкмөткө жалпы 368 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Ал эми Чүй облусунда 5 шаардык мэрия, 48 айыл өкмөтү текшерилип, жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы көлөмү 1 миллион 288 миң сомду түзгөн 56 административдик айып салынган.

Scroll to Top