Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдү
20.10.2025 | 17:18

Бишкек шаарында №1, №243 жана №226 автобустардын жол кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөрүү үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына чейин Жукеев–Пудовкин көчөсүндө суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу киргизилди.
“Оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта аталган автобустар Сүйөркулов жана Жукеев–Пудовкин көчөлөрү аркылуу каттайт. Иштер аяктагандан кийин автобустар мурдагы каттамдары боюнча жүрө башташат”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


