Алдамчылыкка шектелген адвокат кармалды

Сот тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К.Т. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталды.
Маалыматка караганда, Ж.К.Т. Ноокат райондук сотунда кесипкөй ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Ал кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот органдары менен байланыштары бар экенин айтып, соттун оң чечим чыгаруусуна таасир эте алам деп убада кылган. Бул «жардам» үчүн жактоочу соттолуучунун атасынан 110 миң сом талап кылган.
КР УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде, 15-октябрда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Ж.К.Т.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
16-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө адвокат акча алып жаткан учурда кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул окуяга башка адамдардын катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында тергөө иштери уланууда.
КР УКМК соттук жана адвокаттык чөйрөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларын уланта бермекчи.