«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасына заманбап атайын техникалар тапшырылды

21.10.2025 | 14:05

Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасына атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы жабдуулар жылуулук тармагын тейлөөнүн сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун бир топ жакшыртарын белгиледи:

«Биз муну менен эле токтоп калбастан, ишкана-мекемелерди техникалар менен жабдууну уланта беребиз. Ар бир техника — шаарыбыз үчүн кызмат кылат», — деди мэр.

Долбоор Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы баасы 37,9 млн доллар, анын ичинен 8 млн доллар грант түрүндө берилген.

Долбоордун алкагында жылуулук тармактары масштабдуу модернизацияланды:

  • магистралдык түтүктөр реконструкцияланды;
  • 221 жеке жылытуу агрегаты орнотулду;
  • 1825 метр жылуулук тармактары оңдолуп модернизацияланды;
  • 2210 дарекке жылуулук эсептегичтер орнотулду.

Бүгүнкү күндө ишканага 27 автоунаа жана 33 атайын техника, анын ичинде жүк ташуучу крандар, экскаваторлор, асфальт кесүүчү жана бетон аралаштыргыч жабдуулар, мобилдик генераторлор жана жылуулук тармактарын эффективдүү тейлөөгө зарыл башка жабдуулар тапшырылды.

Scroll to Top