Жогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылат

Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Марипов 15-октябрда Каир шаарында кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жолугушууда элчи быйыл 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда Каир шаарында алгачкы жолу өзүнчө шайлоо участкасы ачыларын маалымдады.
Марипов катышуучуларга жаңы көп мандаттуу жана мажоритардык система, ошондой эле чет өлкөдөгү добуш берүү тартиби жана уюштуруу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Элчи Египетте жашаган кыргызстандыктарды жарандык активдүүлүк көрсөтүп, шайлоого катышууга чакырып, ар бир жарандын добушу өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Египеттеги кыргыз диаспорасынын өкүлү быйыл 25-декабрда Бишкекте өтө турган IV Элдик курултайга биринчи жолу катышарын айтып, форумга бирдиктүү делегатты тандоо сунушун киргизди.
Жолугушуунун катышуучулары элчиликке чет өлкөдөгү жарандардын укуктарына көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, алдыдагы иш-чараларга активдүү катышууга даяр экенин билдиришти.