Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
БШКнын төрагасынын орун басары алмашты
23.10.2025 | 15:15

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев өз ыйгарым укуктарын тапшырып, бирок комиссиянын мүчөсү катары ишин уланта турган болду. Бул тууралуу маалыматты БШКнын басма сөз кызматы таратты.
Бүгүн өткөн жыйында комиссиянын мүчөлөрү жаңы төраганын орун басарын шайлашты. Жыйынтыгында Бахадыр Конуров БШКнын төрага орун басары болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, Бахадыр Конуров парламент тарабынан «Ишеним» партиясынын квотасы боюнча комиссиянын курамына киргизилсе, Нурлан Койчукеев өз убагында президенттик квота менен дайындалган эле.
БШКнын жетекчилик курамындагы өзгөртүү комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом