Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Кара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болду
23.10.2025 | 15:01
Кара-Кулжа районунда 8 жаштагы бала ит тиштеп алгандан кийин каза болду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге аймактык ИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 22-октябрда, Кара-Кулжа райондук ИИБге жергиликтүү ооруканадан баланын өлүмү тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, баланы ит тиштеп алган. Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, укук коргоо кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар