ТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулашты

Кыргызстан АКШ менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери 22-октябрда өткөн жолугушуусунда айтылды.
ТИМдин маалыматында, жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан. Мындан тышкары визалык маселелер өзүнчө каралган.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген. Ошондой эле кыргыз тарап америкалык инвестицияларды тартууга, АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өлкө экономикасына катышуусун кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-америка мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө эки тараптын ынтызарлыгын ырасташып, үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашкан.