Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулууда
30.03.2026 | 12:11

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги жолунун ооруларын эрте аныктоого багытталган эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө (ЭУС) ыкмасы киргизилүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө – бул эндоскопия жана ультраүндү айкалыштырган ыкма. Бул технология ашказан-ичеги жолунун дубалдарынын жана ткандардын абалын баалоого, жаңы пайда болгон түзүлүштөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Ыкма онкологиялык ооруларды аныктоо үчүн колдонулат.
Текшерүү учурунда 53 жаштагы бейтаптын кызыл өңгөчүнүн төмөнкү бөлүгүндө шишик аныкталган. Жүргүзүлгөн изилдөө анын залалсыз мүнөзгө ээ экенин көрсөтүп, онкологиялык патология четтетилген. Бейтапка динамикалык көзөмөл сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина