УКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети) маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди кызматка тартуу боюнча жарыя чыгарды.
УКМК төрагасы, Камчыбек Ташиев белгилегендей, бүгүн дүйнө улуттук коопсуздукту камсыздоонун жаңы дооруна кадам таштады.
«Келечек интеллектке, техникага жана илимге таандык. Биздин милдет — таланттарды өз убагында аныктап, аларга мүмкүнчүлүк түзүү жана өлкөнүн коопсуздугу менен өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү», — деди Ташиев.
Анын айтымында, азыркы коргонуу системалары танктар менен учактардан тышкары жасалма интеллектке негизделген башкаруу, суперкомпьютерлер, учкучсуз аппараттар, кибер жана криптографиялык коргонуу системалары аркылуу ишке ашырылууда.
УКМК IT, киберкоопсуздук, системалык аналитика, криптография, автоматташтырылган башкаруу жана дрон технологиялары боюнча адистерди издөөдө. Ошондой эле чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жана бир нече тил билген адистерге артыкчылык берилет.
Мекеме белгилегендей, заманбап коопсуздук системалары төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну талап кылат:
- акылдуу дрондор жана автономдуу платформалар;
- кибер коргонуу жана бөгөт коюу системалары;
- криптографиялык жана код түзүү технологиялары;
- интеллектуалдык маалыматтарды талдоо жана операцияларды башкаруу системалары.
Жарыяда жашы 30 жашка чейинки, жогорку билими жана 2 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, Middle/Senior деңгээлдеги адистерге басым жасалат. Кандидаттардын соттуулугу болбошу жана купуялуулук режиминде иштөөгө даярдыгы талап кылынат.
Кызыккан жарандар кошумча маалымат алуу үчүн: 0(999) 012-012