КУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кеттиКыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстүТелефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыМанас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты
Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификациялады
24.10.2025 | 13:53

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ал 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган аталган өлкөлөр ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат