Кыргыз медицинасына эбегейсиз салым кошкон чыгаан инсандар

25.10.2025 | 15:00

Азыркы Кыргызстандын медицинасынын түптөлүшүнө көптөгөн чыгаан инсандар өмүрүн арнаган. Алардын эмгеги илимди, практикалык медицинаны жана дарыгерлердин жаңы муунун калыптандырууну түптөөгө негиз болуп калды. Бул макалада биз кыргыз медицинасын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга салым кошкон беш көрүнүктүү инсан тууралуу айтып беребиз.

Иса Ахунбаев

Иса Коной уулу (Ахунбаев) 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган. Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.

1935-жылы Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөн. 1941-жылы Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти болгон. 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору болгон. Учурда аталган окуу жай медициналык академия болуп, анын ысымын алып жүрөт.

1959-жылы Иса Ахунбаев Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө оперция жасаган. Бул кыргыз медицинасында эң чоң ийгилик болгон. Иса Ахунбаев медициналык илимдин, практикалык саламаттык сактоонун өнүгүшүндө зор салым кошкон. Анын 300дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн, алардын ичинде 8 монография жана 3 сөздүк бар. Ахунбаевдин негизги эмгектери эндемиялык зобду, балдардагы аппендицитти жана эхинококкозду изилдөөгө арналган.

Эрнст Акрамов

Эраст Хашимович Акрамов – медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССРине эмгеги сиңирген врач. Ал 1936-жылдын 24-июнунда Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) аяктап, эмгек жолун хирург дарыгер катары баштаган.

Акрамов дүйнөдө кайталангыс көптөгөң операцияларды иштеп чыгып, аларды хирургия тажрыйбасына киргизген. Медицина илимдеринин 17 кандидаттарын жана докторлорун даярдаган. Кан-тамыр, аш казан-ич хирургиясы, реанимация, хирургиялык гастроэнтерология, көкүрөк жаралары, ириңдүү хирургия ж.б. боюнча жетекчи адис болуп саналат. 350дөн ашык илимий эмгектердин, 16 монографиянын, 23 ойлоп табуучулук патенттердин автору жана ээси.

Мамбет Мамакеев

Мамбет Мамакеев 1927-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында төрөлгөн.

Мамбет Мамакеев кыргыз абдоминалдык хирургиясынын мектебинин негиздөөчүсү жана Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун уюштуруучусу болгон. Борбор республиканын алдыңкы илимий, дарылоочу жана окуу комплексине айланган. Кийин бул борборго анын ысмы ыйгарылган.

Анын жетекчилиги астында 11 медицина илимдеринин доктору жана 23 кандидат даярдалган. Элүү жылдан ашык эмгек жолу ичинде ал 15 миңден ашуун операция жасаган, 100 миңге жакын оор абалдагы хирургиялык бейтаптарды кабыл алып, дарылап, алардын айыгышына жардам берген. Ал Кыргызстанда хирургиялык ооруларды дарылоонун бир катар жаңы жана жогорку эффективдүү ыкмаларын иштеп чыгып, иш жүзүнө ашырган.

2020-жылы ал өзүнүн кесиби боюнча дүйнөдө эң узак иштеген адис катары Гиннес рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралына карата анын хирургиялык карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Мирсаид Миррахимов

Мирсаид Миррахимов Мирхамидович 1927-жылдын 27-мартында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КГМИ) артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Миррахимов республикадагы кардиология кызматын түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн демилгечиси болгон. Анын аркасында 1980-жылдары эл арасында жүрөк ооруларынан болгон өлүм көрсөткүчү 15%га төмөндөгөн. Мындан тышкары, Миррахимов алгачкылардан болуп бийик тоо медицинасы жана кардиологиясынын негиздеген, бул тармакта өзүнүн илимий мектебин жараткан. Ал адамдын бийик тоо шарттарына ылайыкташуу механизмдеринин биологиялык жана физиологиялык негиздерин изилдөөдө чоң салым кошкон.

Мирсаид Миррахимов ички оорулардын бир катар тармактарынын — ревматология, нефрология, пульмонология, гастроэнтерология, эндокринология жана гематологиянын өнүгүшүнө да зор салым кошкон.

Сабырбек Жумабеков

Сабырбек Жумабеков – белгилүү кыргыз хирургу-ортопед жана илимпоз. Ал 1964-жылы 11-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыкей айылында төрөлгөн.

1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Крымда (Симферополь) клиникалык ординатура жана аспирантураны бүтүргөн. 1995-жылдан тарта ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборлорунда эмгектенип, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана шашылыш хирургия кафедрасын жетектеген.

Өзүнүн практикалык ишмердиги учурунда 40 миңден ашуун операция (анын ичинде уникалдуу эндопротездөө операциялары) жасаган. Ал Борбор Азияда алгачкылардан болуп муундарды эндопротездөө ыкмасын киргизген. Анын илимий эмгектеринин саны 500гө жакын, ал 70тен ашуун ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын автору болуп саналат.

Кыргызстанда жана КМШ мейкиндигинде травматология менен ортопедия тармагынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири, эл аралык деңгээлдеги хирург жана илимпоз катары кеңири таанылган. Ал кыргыз ортопедиясынын модернизациясынын башатында туруп, татаал хирургиялык технологияларды ишке ашырып, илимий кызматташтыкты жана кадр даярдоону өлкөдө жана чет мамлекеттерде активдүү өнүктүргөн.

Scroll to Top