Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алынды
27.02.2026 | 15:55

Бишкек шаарында баңгизаттарды өндүрүүчү жашыруун лаборатория аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иликтөө иш-чараларынын алкагында 21 жаштагы Д.Г. кармалып, андан 5,86 грамм каннабис майы алынган. Тергөөдө ал аталган затты 32 жаштагы А.Л. аттуу жарандан сатып алганы такталган.
Шектүүлөр жашаган батирде баңгизат даярдоо үчүн лаборатория уюштурулганы аныкталган. Тинтүү учурунда төмөнкү заттар табылып, алынды:
- 3 кг 739 г каннабис майы;
- баңгизат аралашкан тамеки (2,33 г);
- курамында баңгизаттын белгилери бар 293 г тамеки продукциясы.
Мындан тышкары, баңгизаттарды жайылтуу үчүн колдонулган Telegram-канал табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар