Кыргызстанда салык органдарына отчёт берүүгө милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилди

29.10.2025 | 11:33

Мамлекеттик салык кызматы кирешелер жана чыгашалар боюнча жыйынды маалыматтарды салык органдарына тапшырууга милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, «Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, эми саясий партиялар, кесиптик бирликтер (профсоюздар), диний уюмдар жана кооперативдер да жыл сайын отчет берүүгө милдеттендирилди. Алар түшкөн каражаттардын булагы, алардын сарпталышы, ошондой эле мүлктүн алынуусу, пайдаланылышы жана өткөрүлүшү тууралуу маалымат берүүгө тийиш.

Отчет жыл сайын 1-апрелге чейин салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук форматта тапшырылат.

Салык кызматы түшүндүргөндөй, бул өзгөртүүлөр Конституциялык соттун чечимин ишке ашыруу максатын көздөйт. Ал бардык коомдук бирикмелер үчүн бирдиктүү отчет берүү тартибин түзүүгө багытталган.

Бул өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин мындай маалыматты «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам менен жөнгө салынган жана ишмердиги кайтарымсыз акчалай же материалдык каражаттардын эсебинен каржыланган коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер жана юридикалык жактардын ассоциациялары гана берип келишкен.

Scroll to Top