«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Өкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды
30.10.2025 | 16:21

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев орусиялык көрүнүктүү кинорежиссёр Никита Михалковго Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземи Орусиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында өттү. Ошондой эле өкмөт башчы аталган өлкөнүн маданият министри Ольга Любимова жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын билдирген.
Ал Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилеген.