Президент өлкөнүн мыкты студенттерине стипендия тапшырды

Бүгүн, 31-октябрда, Ынтымак Ордодо өлкө башчы Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.
Бул жылы президент окууда эң мыкты ийгиликтерге жетишкен, илимий жана коомдук турмушка активдүү салымын кошкон 92 студентке 60 миң сомдон тапшырды.
Өлкө башчы аземде сөз сүйлөп, президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, өлкөнүн келечеги болгон студенттерге шык берүү болуп саналарын билдирди.
“Бүгүн силерди президенттик стипендияга ээ болушуңар менен куттуктоо – буга чейинки жетишкендигиңерди баалоо гана эмес, келечекте өлкөгө керектүү кесипкөй адис болуп чыгууга чакырык деп айтаар элем. Кесипкөйлүк мээнетсиз, өзүнө өзү эле келе бербейт, аны сабыр, тынымсыз эмгек, максатка берилгендик гана жаратат. Президенттик стипендияңар кут болсун!”,- деди өлкө башчы.
Reporter.kg редакциясы стипендия алган студенттердин бир канчасы менен маек куруп, алардын келечектеги максаттары жөнүндө сурады.

Рахима Кубатбекова – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 4-курсунун студенти. Ал бул сыйлыкты алууга 4 жыл даярданганын айтты.
“Университеттен тышкары алмашуу программалары аркылуу Самарканд, Москва жана Екатеринбург шаарларында окуп келүүгө жетиштим. Илимий изилдөө жаатында бир катар илимий макалаларды жаздым. Алар эң алдыңкы университеттердин журналдарына жана эл аралык сайттарга жарыяланды. Албетте бул сыйлыкты алууга тынымсыз аракет талап кылынды”,- деп билдирди.
Рахима келечекте өлкөнүн илимий жаатына салым кошкусу келгенин, ошондуктан азыр кылып жаткан изилдөө иштерин улантарын айтты.

Тилек Мамасалиев – Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 4-курсунун студенти. Ал математика адистиги боюнча окуйт. Тилек келечекте өз адистиги боюнча иштей тургандыгын, ошондой эле депутат болгусу келерин айтты.
“1-курстан баштап, менин сабактарымдын баары беш болгон. Сабактардан тышкары иш-чараларда, илимий конференцияларда, коомдук иштерге активдүү катышып, макалаларды жазып, бүгүн президенттин колунан стипендия алып отурам. Келечекте өзүмдүн кесибим боюнча эле иштейм. Андан сырткары Жогорку Кеңештен көрүп каласыңар, буюрса”,- деди ал.

Төлөгөн Сабырбеков – Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин 4-курсунун студенти. Ал Радио, телевидение жана кино бөлүмүндө билим алат. Ал талыкпаган, билимге умтулган ар бир студент бул сыйлыкка татыктуу экенин айтты.
“Эгерде биринчи курстан баштап, өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүп, илимий макалаларды жазып, илимий иш-чараларга, ошондой эле коомдук иш-чараларга активдүү катышсаңар, натыйжада ушул деңгээлге келесиңер жана бул нерсе ар бириңердин колуңардан келет”, -деп кеңешин айтты.
Төлөгөн келечекте Кыргыз Республикасына өзүнүн салымын кошуу максаты бар экенин, ошондой эле окуусун илимий жаатта улантып, өнүгүүнү пландап жатканын билдирди.