Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Дэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылат
12.03.2026 | 17:30

13-марттан тарта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Буга байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорт кыймылы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
Жүргүзүлүп жаткан иштер жол инфраструктурасын жаңылоого, жол тармагын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом