Таш-Көмүрдө көп батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди
Бүгүн, 31-октябрда, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган үйлөр алгачкы жолу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан толук реконструкциядан өткөн.
Аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышкан.
Камчыбек Ташиев аземде сүйлөгөн сөзүндө жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгилеген.



