Elite House компаниясы Ысык-Көлдө «Асман» шаарын куруп баштаганын билдирди
Elite House курулуш компаниясы Ысык-Көлдө «Асман» шаарын куруу иштерин баштады. Бул тууралуу компания өзүнүн Instagram баракчасында маалымдады.

Жарыяланган видеодо бир киши микрофон аркылуу «Асман» шаарынын курулушу башталып жатканын жана бул тарыхый окуя экенин айтат. Ал бул шаар дүйнөдөгү эң кооз жана эң мыкты шаар болорун кошумчалаган. Видеонун алдында жазылган билдирүүдө келечектин шаарын куруу милдетин Elite House компаниясына өлкө президенти Садыр Жапаров тапшырганы белгиленет.
Эске салсак, 2023-жылдын 30-июнунда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров экологиялык жактан таза жаңы келечек шаарын куруу үчүн капсула койгон. Ошол маалда бийлик өкүлдөрү долбоордун болжолдуу наркы 20 миллион доллар болорун билдиришкен.
2024-жылдын ноябрында ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Асман» шаарын куруу үчүн 480 миллион долларлык каржылоо булактары аныкталганын айткан. 2024-жылдын апрелинде шаарды куруу боюнча келишим CITIC Merchant компаниясы жана «Модуль Хаус» ЖЧКсы менен түзүлгөн.
2025-жылдын апрелинде министрлер кабинети «Экологиялык таза Асман шаарын куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимди токтоткон. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгон.