Жаштар үчүн мүмкүнчүлүк аянтчасы — “Кыялымдагы Кыргызстан” форуму өтөт

03.11.2025 | 15:27

Бишкек шаарындагы кичи аренада 10-ноябрда Жаштар күнүнө карата «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты — активдүү жана таланттуу жаштар үчүн тажрыйба алмашуу жана өнүгүү аянтчасын түзүү. Форум жаштар уюмдарын, активисттерди, ишкерлерди жана демилгелүү жаштарды бириктирүүнү, ошондой эле жаштар менен мамлекеттик органдар ортосундагы диалогду өнүктүрүүнү көздөйт.

Форумга жаш лидерлер, ишкерлер, стартап негиздөөчүлөр, илимий жана чыгармачыл жаштар, студенттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жаштар уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 5000ден ашуун адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү бөлүктөр өтөт:

  • «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо;
  • «Жаштар саясатынын отличниги» сыйлыгын тапшыруу аземи;
  • интерактивдүү зоналар, VR-презентациялар жана кыскача питчтер;
  • кошумча тематикалык иш-чаралар жана талкуулар.

Мындан тышкары, форумдун жыйынтыгында маданий программа жана эстрадалык концерттик номерлер көрсөтүлөт.

Scroll to Top