Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ош шаарында 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук бериле баштайт
03.11.2025 | 15:33

Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук берилет. бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 3-ноябрда, аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилген.
Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3–4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом