Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Кыргызстандык жаш альпинисттер Борбор Азия Кубогунда байгелүү орундарды алышты
03.11.2025 | 19:45

Ташкент шаарында 2025-жылдын 16–19-октябрында аскага чыгуу спорту боюнча Борбор Азия Кубогунун үчүнчү жана акыркы этабы өттү.
Мэрия кабарлагандай, мелдешке 169 спортчу катышып, Кыргыз Республикасын 9дан 14 жашка чейинки 14 өспүрүм спортчу көрсөттү.
Жарыштар эки дисциплина боюнча уюштурулду:
- «Кыйынчылыкка көтөрүлүү» — 92 катышуучу,
- «Ыкчамдык» — 77 катышуучу.
Мелдешти Өзбекстандын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы, өлкөнүн спорт министрлиги жана Азия аскага чыгуу федерациясынын (IFSC Asia) колдоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн федерациялары биргеликте уюштурушту.
Кыргызстандын С. Джуманазаров атындагы спорт мектебинин тарбиялануучулары төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүштү:
- Ким Сергей — 3-орун («ыкчамдык» дисциплинасы);
- Карих Дарина — 4-орун («кыйынчылыкка көтөрүлүү» дисциплинасы);
- Марасулов Дамир — 4-орун («ыкчамдык» дисциплинасы).
Борбор Азия Кубогунун үч этабынын жыйынтыгы боюнча:
- Марасулов Дамир — 2-орун (2011–2012-ж. туулган);
- Карих Дарина — 3-орун (2011–2012-ж. туулган);
- Ким Сергей — 3-орун (2015-ж. жана андан кичүү топ).