Санкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталдыКыргызстандагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды — Саламаттык сактоо министрлиги
Сауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
04.03.2026 | 15:10

Бүгүн, 4-мартта, жарандарды мекенине кайтаруу иштеринин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жидда – Бишкек багыты менен 90 жаран, ал эми Жидда – Ош багыты менен 120 жаран келе жатат. Учактар Бишкек жана Ош шаарларына болжол менен саат 16:00 чамасында конору күтүлүүдө.
Тышкы иштер министрлиги жарандарды кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштерди улантарын билдирди.
Буга чейим мекеме Сауд Арабиясынан жарандарды алып келүү үчүн макулдашууларга жетишилгенин, анын алкагында, төмөнкү багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде аткарыларын билдирген:
- Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү;
- Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом