Бишкектин четиндеги шаарларга каттаган поезддердин графиги өзгөрдү

04.11.2025 | 16:22

Жол тыгындагынын азайтуу максатында 10-ноябрдан тарта Бишкектен жана Бишкекке каттаган поезддердин сааттары төмөнкүчө жаңыланды:

  • Кайыңды — Бишкек (Эркиндик бульварындагы вокзал): эртең менен 06:00дө чыгып, 08:20га жетет.
  • Бишкек — Кайыңды: саат 18:40та чыгып, 20:57де жетет.
  • Токмок — Бишкек: эртең менен 06:30да чыгып, 08:35те жетет.
  • Бишкек — Токмок: кечки 18:22де чыгып, 20:28де жетет.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Жаңы график коомдук транспорттун жүктөмүн азайтып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Scroll to Top