Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Ажылык – 2025. “Нур Умра” компаниясы менен Умра зыяратын уюштурууну токтотту
04.11.2025 | 21:00

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) “Нур Умра” ЖЧКсы менен түзүлгөн Умра зыяратын (кичи ажылык) уюштуруу жана өткөрүү боюнча келишим токтотулганын расмий билдирди.
Мындай чечим КР “Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамына жана президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин буйругуна ылайык кабыл алынган. Ошондой эле чечим КМДБнын уставы жана Кыргызстандын мусулмандарынын курултайы тарабынан бекитилген нормаларга негизделген.
Муфтият кичи ажылык сапарды уюштуруу каалоосу бар туристтик компанияларды аккредитациялоо иштерин улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом