Кыргызстанда келечекте айдоочуларды онлайн окутуу пландалууда

05.11.2025 | 13:22

Кыргызстанда жакын арада келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окутууну киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы форматтагы автомектептер күндүз окууга келе албаган жарандарга, анын ичинде иштеген адамдарга жана балдары менен үйдө отурган аялдарга, жол кыймылынын эрежелерин аралыктан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Баарын тынчтандырып, кооптонууга негиз жок экенин билдиргим келет. Эгер жарандар окууга келе албаса, же мисалы, балдары бар аялдар декретте болсо, алар онлайн окуй алышат. Биз бардык шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө бул, тескерисинче, абдан актуалдуу – бардык чоң университеттер онлайн окутууга өтүп жатышат жана анын натыйжасы андан да чоң. Муну биз практика жүзүндө дагы көрүп жатабыз”, — деди Раимбеков.

Мындан тышкары, болочок айдоочулар үчүн практикалык сабактардын программасы да иштелип чыгып, жакынкы арада коомчулукка сунушталаары айтылды.

Жаңы демилге айдоочулукка даярданууну жеңилдетип, өлкө аймагындагы бардык жарандар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт.

Scroll to Top