Чүйдө аба ырайына байланыштуу айдоочулар менен профилактикалык иштер күчөтүлүүдө

Аба ырайынын начарлашы жана жолдорду тазалоо иштеринин кыйынчылыгына байланыштуу, Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4–5-ноябрь күндөрү Жайыл РИИБнин Сосновка посту жана Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен биргеликте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен алдын алуу түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Постто айдоочулар үчүн ысык ичимдиктер жана тамак-аш уюштурулган.
Мындан тышкары, бардык айдоочулар менен жол кырсыктардын алдын алуу жана жолдордо коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык маектер өткөрүлүүдө. Профилактикалык иш-чаралар аба ырайынын жакшырышына чейин улантылат.
Милиция айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдык режимин сактоого жана коопсуз аралыкты кармоого чакырат. Аба ырайынын начарлашы — кар жаашы, муз тоңушу жана көрүнүштүн начарлашы менен байланыштуу.