Кыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан аштыCIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылдыБишкекте аял 140 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды
Кыргызстан Доха шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде катышты
05.11.2025 | 15:02

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дохадагы Экинчи Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинде сөз сүйлөдү.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, ал Кыргызстандын социалдык саясаттын үч негизги багыты – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук стратегиянын негизи экенин белгиледи.
Байсалов ошондой эле адам капиталына инвестиция салууну улуттук өнүгүүнүн башкы приоритети деп атады жана ИДП көрсөткүчү 2025-жылга карата болжол менен 3000 АКШ долларына жетерин билдирди. Саммиттин алкагында Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык саясат боюнча кызматташтыкты талкуулады.