Кенже жетектөөчү курамына кызматкерлер талап кылынат. Бишкек ШИИББ жарандык адамдарды жумушка кабыл алууда

05.11.2025 | 19:01

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаадагы бардык Райондук ички иштер башкармалыктарына жана Патрулдук-посттук кызмат полкуна кенже жетектөөчү курамына бош орундарга жаңы кызматкерлерди кабыл алууну баштады.

Талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандарын 19 жаштан кем эмес жана 30 жаштан ашпаган куракта конкурска катышууга чакырат. Талапкерлер «Кыргыз Республикасындагы укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамда көрсөтүлгөн кызматка кабыл алуу шарттарына жана квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1 – Жазуу түрүндөгү арыз;
2 – Эки нускадагы өмүр баян (бирөө кол менен жазылган, экинчиси басылган);
3 – Эркин формада 5–6 беттен турган кол менен жазылган автобиографиялык эссе;
4 – Анкета;
5 – Аймактык милиция инспекторунун мөөрү менен бекитилген маалымкат;
6 – Коңшулардан үч даана сунуш каты, аймактык инспектор тарабынан мөөр басылган;
7 – Акыркы иштеген же окуган жерден мүнөздөмө;
8 – Эмгек китепчесинин түп нускасы;
9 – Укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарактуулугу тууралуу аскер-дарыгер комиссиясынын медициналык корутундусу;
10 – Аскердик билет (түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
11 – Паспорттун көчүрмөсү (жаңы үлгүдөгү болсо – биринчи бетинин жана жашаган жер боюнча каттоо маалыматынын көчүрмөсү, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасынан алынган);
12 – Бир даана 9×12 жана эки даана 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт (көк фондо);
13 – Аттестаттын жана дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
14 – Төрөлгөндүгү, никеге тургандыгы (же ажырашкандыгы) тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
15 – Балдарынын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
16 – Бир даана калем.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана кароо 2025-жылдын 14-ноябрына чейин төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
1 – Бишкек ШИИББинин Патрулдук-посттук кызмат полку – Раззаков көчөсү, 55, тел.: 0708 889 862, 0703 363 802
2 – Ленин райондук ИИБ – Московская көчөсү, 203, тел.: 0701 801 538
3 – Биринчи Май райондук ИИБ – Панфилов көчөсү, 1А, тел.: 0550 300 981
4 – Свердлов райондук ИИБ – Суюмбаев көчөсү, 73, тел.: 0701 858 517
5 – Октябрь райондук ИИБ – Скрябин көчөсү, 86, тел.: 0550 555 949, 0779 209 945.

Scroll to Top