Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Энергетика министрлиги быйыл көмүр менен камсыздоо үзгүлтүксүз болорун айтты
06.11.2025 | 10:10
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчы филиалына барып, көмүрдүн кору жана аны жылуулук электр борборлоруна жеткирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр эл үчүн жеткиликтүү баада сапаттуу көмүрдү отун базаларына үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоону, айдоочулар үчүн кошумча орундарды ачып, күндүзгү жана түнкү сменалык ишти уюштурууну тапшырды. Бул чаралар күз-кыш мезгилинде отун тартыштыгын алдын алуу максатын көздөйт.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери «Кыргызкөмүр» 770,5 миң тоннадан ашуун көмүр казып чыгарган. Анын ичинен болжол менен 430 миң тонна элге жеткирилсе, 476 миң тонна жылуулук электр борборлоруна жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом