Токтогул районунда форель икрасын өндүрүүчү цех курулууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда форель балыгынын икрасын чыгаруучу цех курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорду аталган райондун тургуну, жеке ишкер Айдарбек Табалдиев сунуштаган. Анын сунушу райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган.
Аталган цехтин курулушу үчүн райондук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом бөлүнгөн, ал эми ишкер өзү 6 млн сом каржылаган. Ошентип, долбоордун жалпы наркы 11 млн сом болгон.
“Форель балыгынын икрасын өндүрүүчү бул цех аймактагы жумуш орундарын түзүүгө, балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт”,- деп билдирди министрлик.
Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Цехти ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизүү пландаштырылууда.