Касымалиев менен КМШнын өкүлү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү маселесин талкуулашты

Бүгүн, 10-ноябрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев КМШнын башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолугуп, Жогорку Кеңештин депутаттардын шайлоого байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Игорь Петришенко КМШ байкоочуларынын Миссиясынын башчысы. Ошондой эле келе жаткан парламенттик шайлоодо эл аралык байкоочу катары КМШ байкоочуларынын миссиясы аккредитацияланган.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев өлкө президенти – шайлоого эркин, ачык жана таза шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча бардык мамлекеттик органдардын алдына так милдетти койгонун айтты. Анын айтымында, буга байланыштуу Кыргызстан эки тараптуу да, ошондой эле беделдүү эл аралык уюмдар аркылуу да эл аралык байкоочулардын кеңири өкүлчүлүгүн өлкөгө чакырган.
Өз кезегинде Игорь Петришенко КМШ миссиясы Кыргызстанда алдыдагы шайлоодо байкоо жүргүзүүдөгү иш алып баруусу тууралуу маалымат берген.