Кыргызстанда мыйзамсыз балык уулагандарды эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталды

11.11.2025 | 10:54

Кыргызстанда мыйзамсыз балык уулагандарга каршы жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды. Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорго ылайык, эми олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз балык уулагандарга карата 50 миңден 100 миңге чейинки өлчөмдө айып пул салуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралууда. Ошондой эле эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Эгерде мыйзамсыз балык “уулоо этиятсыздыктан оор залал келтирүү” менен жасалса, 5 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралат.

Ал эми өзгөчө ири зыян келтирилсе, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, 2025-жылдын 8 айдын ичинде балыкты мыйзамсыз уулоо жана олжолоо фактылары боюнча жалпы 66 кылмыш иши козголгон.

Учурда мыйзамсыз уулаган адамдарга карата айып пул чарасы гана колдонгондуктан, айрым адамдар кайрадан мыйзамсыз балык уулап жатышат. Ошондой эле айып пулдун өлчөмү браконьерлердин мыйзамсыз кирешесине салыштырмалуу өтө төмөн болуп, мындай кылмышты токтотууга мүмкүн болбой жатат.

“Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу укуктук тутумду чыңдоого, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого өбөлгө түзөт”,- деп билдирди ИИМ.

Scroll to Top