КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмашты
09.03.2026 | 16:46

Маратбек Акимбек уулу «Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору кызмат ордунан бошотулду. Мэриянын маалыматында, ал бул кызматтан өз арызы менен кетти.
Анын ордуна «Ош ТВнын» директору болуп Акылбек Орозматов дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Акылбек Орозматов 38 жашта. Ал буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин (азыркы Агартуу министрлиги) басма сөз катчысы болуп иштеген. Ошондой эле “Жебе Медиа” маалыматтык порталын жетектеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом