Кыргызстандын аймагында жер титиреди

12.11.2025 | 11:12

Кечээ, 11-ноябрда, саат 23:32де Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен силкинүү болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кара-Үңкүр, Баймак айылдарында 4 баллга, Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

Scroll to Top