БШК төрагасы парламенттик шайлоонун талапкерлерине эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров алдыдагы парламенттик шайлоонун талапкерлерине жана башка катышуучуларына кайрылып, комиссия мыйзам бузгандарга карата чараларды көрө баштаганын билдирди.
Анын айтымында, шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбейт.
Шайназаров шайлоо президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө тургандыгын айтты.
“Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем, үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт”,- деп билдирди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү, өтөт. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүүдө, ал 29-ноябрь саат 8:00гө чейин уланат.