Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешет
15.11.2025 | 11:00
Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы Испания жана Португалия командалары менен эл аралык достук беттештерге даярдык көрүүдө. Оюндары Испаниянын Лас-Росас-де-Мадрид шаарында өтөт.

18-ноябрда кыргызстандык футболчулар португалиялык кесиптештери менен беттешсе, 20-ноябрда испаниялык команда менен ойношот.
Эл аралык беттештерге даярдык 14-ноябрда Бишкекте башталган. Тренировкалардын алкагында жаш спортчулар тактикалык схемаларды иштеп чыгып, күчтүү европалык командаларга каршы оюндарга даярданышууда.
Бул достук оюндары Кыргызстандын курамасы үчүн маанилүү сыноо болуп, жаш оюнчуларга эл аралык тажрыйба топтоого жана жогорку деңгээлдеги атаандаштарга каршы чеберчиликти чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт