Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышатReporter.kg жана «Кыргызстан аэропорттору» расмий кызматташтыкты баштадыОоганстан Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Кандагардагы күйүүчү май резервуарларына сокку урганын билдирдиШаирбек Ташиев ИИМде сурак берүүдөУкук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды
КРнын ТИМ башчысы Ташкентте Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышууда
15.11.2025 | 13:50
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 15-ноябрында Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, жыйындын негизги маселеси — Борбор Азия мамлекет башчыларынын Жетиминчи Консультативдик жолугушуусунда кол коюлушу пландалган кун тартибин жана жыйынтык документтеринин долбоорлорун талкуулоо. Бул иш-чара 16-ноябрда Узбекистан борборунда өтөт.
Жолугушуунун алкагында министрлер регионалдык кызматташтыктын негизги багыттарын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусун бекемдоого багытталган демилгелерди карашат.
Рубрики: Саясат