Чүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды

Чүй облусунун айылдарында уурулук жасап жүргөн деп шектелип, 43 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь–ноябрь айларында Ысык-Ата райондук милициясына Новопокровка айылынын жашоочулары тарабынан бир нече арыздар түшкөн. Алардын айтымында, белгисиз адам түнкү убакта чарбаларга жана короолорго кирип уурдап, автоунааларды тоноп жүргөн.
Арызда айтылгандай, 27-сентябрга караган түнү эмерек цехинен жалпы баасы 149 миң 500 сомдук электр шаймандары уурдалган. Кийин 27-октябрда жеке үйдүн короосунан болжол менен 24 миң сомдук шаймандар жана жабдыктар уурдалган. Андан кийин 1-ноябрга караган түнү үйдүн жанында токтоп турган Volkswagen Passat автоунаасы тонолуп, жалпы 13 миң 800 сом зыян келтирилген. Ошол эле түнү Honda Fit автоунаасынан 11 миң 490 сомдук тиричилик жана автоунаа буюмдары уурдалган. 4-ноябрда НИВА автоунаасынан документтер, банк картасы жана акча каражаттары уурдалган.
Бардык фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Ыкчам-издөөнүн натыйжасында жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар шектүү аныкталган. Ал мурда соттолгон, 43 жаштагы Т.У. аттуу жаран экени аныкталган. такталган. Шектүү кармалып, камакка алынган.
Учурда шектүүнүн дагы башка райондордо жасалган башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.