Бишкек мэри жаңы Башкы план тууралуу: «Эртең үйлөрүңөрдү бузганга барбайбыз»
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев жаңы Башкы пландын долбоору боюнча пресс-конференция өткөрдү. Документ жарыялангандан кийин коомчулукта кызуу талкууланып, шаар тургундарынын тынчсыздануусун жараткан. Мэр дүрбөлөңгө түшүүго негиз жок экенин айтып, шаар куруу боюнча башкы документ кандай тартипте иштелип чыгарын түшүндүрдү.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, Башкы план бир нече этап менен даярдалган. Адегенде жапониялык компания концепцияны иштеп чыгып, ал 2024-жылдын ноябрында бекитилген. Андан соң ишке Санкт-Петербургдун шаар куруу институту кошулган.
«2024-жылы административдик-аймактык реформа болуп, шаар 3 эсеге чоңойгон. Дал ошол өзгөрүүлөр эске алынып, план иштелип чыккан», — деди мэр.
Шаар тургундарын эң көп түйшөлткөн маселе — Башкы пландын карталарында айрым жеке үйлөрдүн «жашыл зоналарга» түшүп калышы болду. Бул имараттар бузулат деген кооптонууларды жараткан. Мэр бул чочулоолорду дароо четке какты.
«Турак үйлөр жашыл зоналарга долбоорлоо институттары бул жерлерди бош участок катары карашкандыктан кирип калган. Бирок бул биз эртең барып үйлөрдү бузабыз дегенди билдирбейт, жок», — деп так билдирди Айбек Жунушалиев.
Ал долбоор реалдуу курулуштар эске алынуу менен кайра караларын баса белгиледи.
«Биз долбоордун негизинде тактап чыгабыз. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок, силердин турак үйлөр турак үй бойдон калат», — деп ишендирди шаар башчысы.
Мэрдин айтымында, азыр Башкы план коомдук талкууга чыгарылды, талкуу эки айга созулат. Андан кийин бардык сунуштар жана эскертүүлөр эске алынып, документ түзөтүлүп, андан соң гана акыркы чечим кабыл алынат.
«Шаар ички миграциянын курмандыгы болбошу керек, ал өсүп-өнүгүшү зарыл», — деп жыйынтыктады Айбек Жунушалиев, жаңы Башкы план шаарды өнүктүрүүнү көздөп, шаардыктарга көйгөй жаратпай турганын баса белгилеп.
Айбек Жунушалиев Башкы пландын негизги максаты — 2024-жылдагы реформадан кийин үч эсе чоңойгон шаарды жөн эле кеңейтүү эмес, жашоого ыңгайлуу чөйрө түзүү экенин айтты. Бул стратегиянын негизги элементи «15 мүнөттүк жеткиликтүүлүк» концепциясы болот.
«Биз шаар тургундары керектүү кызматтардын баарына 15 мүнөттүн ичинде жөө жеткендей шарт түзүшүбүз керек. Жеке унааны колдонуу эң акыркы чечим болушу зарыл», — деп белгиледи мэр.
Ал бул концепцияны баш калаанын негизги көйгөйү болгон жол тыгындары менен байланыштырып түшүндүрдү. Анын айтымында, тыгындардын олуттуу бөлүгү керектүү социалдык инфраструктуранын жеткиликтүү эместигинен келип чыгат.
«Бүгүн, мисалы, бизге 45 мектеп менен бала бакча жетишпейт. Эгер алар жашаган жерге жакын жайгашкан болсо, адамдар балдарын шаардын бир башынан экинчи башына жеткирбестен, өз маселелерин ошол жактан эле чечип алышмак. Бүгүн бир мектептин курулушу да тыгындарга таасир этет», — деп мисал келтирди Жунушалиев.
Трамвайлар, монорельс жана айланып өтүүчү жолдор: Транспорттун келечеги

Транспорт маселесин чечүү үчүн, мэрдин айтымында, комплекстүү ыкмалар жана коомдук транспорттун бир канча түрүн өнүктүрүү талап кылынат.
Мэрдин сөзүнө караганда, трамвай тармагын кайра жандандыруу биринчи сунуш болгон.
«Бүгүн трамвай автобус менен салыштырганда көп сандагы жүргүнчүнү ташууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы заманбап, модернизацияланган трамвайларды карасак, аларга рельс да, контакттык линиялар да керек эмес, алар контактсыз жүрө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ», — деди мэр.
Ал эми кытайлык инвесторлор монорельс жолун куруу вариантын кароону сунушташкан.
«Биз аларга: “Биз каршы эмеспиз. Концепцияңызды бериңиздер, биз аны Башкы планга киргизебиз”, — деп жооп бердик», — деди Жунушалиев.
Мэр өзгөчө белгиледи: бардык ири инфраструктуралык долбоорлор шаар бюджетинин эсебинен эмес, толугу менен жеке инвестициялардын негизинде ишке ашырылат.
«Биздин эң башкы максат — бул жергиликтүү бюджетке жүк болбоо. Эгер инвесторлор кызыкдар болуп, эртең өз каражаттарын кайтарып алабыз деген эсеп менен иш алып барышса, биз бул долбоорлорду инвестиция катары ишке ашырууга даярбыз», — деди ал.
Мэрдин айтуусунда, инвесторлор менен диалог буга чейин эле башталган.
«Бүгүн таң эртең менен эле инвесторлор менен сүйлөштүк. Бизде түндүк айланма жолу курулуп жатат. Мындан тышкары, чыгыш жана батыш айланма жолдору боюнча да алар сунуштарын берип, курулушту баштоого даяр экендиктерин билдиришти», — деп бөлүштү шаар башчысы.